Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунда айрым азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда пенсия жана айлык маяналар көбөйүп, бирок ошого жараша азык-түлүк да кымбаттоодо.
Turmush басылмасынын кабарчысы азык-түлүк бааларынын 1 жума ичинде өсүшүн салыштырды.
2026-жылдын 17-апрелиндеги баа (1 кг):
- ун — 44 сом;
- кум шекер — 77 сом;
- өсүмдүк майы — 200 сом.
2026-жылдын 24-апрелиндеги баа (1 кг):
- ун — 45 сом ( айырмасы 1 сом);
- кум шекер — 79 сом 90 тыйын (айырмасы 2 сом 90 тыйын);
- өсүмдүк майы — 200 сом (айырмасы 3 сом).
Бул райондун айылдарынын ичиндеги дүкөндөрдөгү, базарлардагы баа.
Ал эми базар баасынан арзан деп бааланган дүкөндөгү баа (2026-жылдын 24-апрелине карата):
- өсүмдүк майы — 150 сом («Урожайное»), 155 сом («Шедрое лето»), 170 сом («Олейна»), 173 сом («Аведовъ»);
- күрүч — 70 сом (лидер), 75 сом (байдала), 125 сом (Баткен күрүчү), 140 сом (Пакистан күрүчү), 160 сом (Индия күрүчү);
- буурчак (горох) — 58 сом.