Turmush — Ат-Башы районунда күйүүчү-майлоочу майдын баасы соңку бир жуманын ичинде байкаларлык жогорулады. Бул жагдай жергиликтүү тургундарды жана айдоочуларды тынчсыздандырууда, деп билдирет аймактык кабарчы.
Баалардын өзгөрүүсү:
17-апрелде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 77 сом 30 тыйын болсо, 24-апрелде 78 сом 90 тыйынга жеткен. Бир жумадагы айырма 1 сом 60 тыйынды түздү. Ал эми дизелдик отундун баасы 17-апрелде 83 сом 20 тыйын болсо, 24-апрелде 86 сом 90 тыйынга чыккан. Айырма 3 сом 70 тыйын болду.
Тургундардын айтымында, күйүүчү майдын кымбатташы башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына да таасирин тийгизет. Айдоочулар “майдын баасы бир көтөрүлсө, кайра түшпөйт” деп кооптонушууда. Алардын айтымында, мындай жагдай жазгы талаа иштери маалында кошумча түйшүк жаратат.
Май куюучу жайлардын ээлери баанын көтөрүлүшү боюнча расмий маалымат берүүдөн баш тартышты. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.