Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагындагы мектептин курулушу токтоду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, куруучулар үйлөрүнө кайтып жатат. 225 орундуу К.Артыкбаев атындагы жаңы курулуп жаткан мектептин имараты тоо этегиндеги Кепер-Арык айылында жайгашкан.
«Жергиликтүү тургундар көп жылдан бери арыз-муңун айтып, өткөн жылдарда курулушу башталган эле. Эми кандайдыр бир объективдүү жана субъективдүү себептерден улам мезгил-мезгили менен иш солгундап жатат. Жакындан бери иш токтоп, куруучулар үйлөрүнө кайтып жатышат. Алар бул жагдайды бетон жана башка курулуш материалы жок экендиги менен түшүндүрүүдө. Айрымдары "Жөн эле жата беребизби? Тамак-ашыбыз да дурус эмес. Азыр 4- 5 эле куруучу кайтарып отурат. Көбү үйлөрүнө кайтышты" дешет. "Деги бул маселени ким чечет?" деп нааразы болушууда. Ал эми айрымдары эски адат, көз боёмочулук кала электигине таң калышууда.
Өткөндө мектепке жаңы аким Илияз Ташбаев келгенде унаалар катар-катар тизилип, бетон ташып келишкен. Ал кетери менен иш токтоду. Кимдин көзүн ким боёп жатат?», - деди жергиликтүү тургундар.