Turmush — Бүгүн, 24-апрелде Манас шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.
Иш-чарага президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Чернобыль апаатынын курмандыктарына арналып Куран окулуп, алардын жаркын элеси эскерилди. Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандардын эрдиги эч качан унутулбай турганын белгиленди.
1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Манас (мурунку Жалал-Абад) шаарынан 120 жаран катышкан. Учурда алардын 17си гана шаарда жашап жатат.