Turmush — Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Арык-Бою айылында жайгашкан Арык-Бою мектебинин ашканасынын санитардык абалы начар. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, идиш-аяктар жана колдонулган буюмдар таза эмес. Тамактар санитардык талаптарга ылайык шартта даярдалбайт.
Буга чейин социалдык тармакка аталган мектептеги ашкананын абалы боюнча видео тараган.
Ал эми Арык-Бою мектебинин директору Толгонай Исамованын маалыматына караганда, мектеп эски, авариялык абалда.
«Ашкананы 2018-жылы ашар жолу менен салганбыз. Буга чейин ашкананы текшерүүгө келишкенде абалы ар дайым жакшы болгон. Азыр да талаптарга жооп берет. Видео 2025-жылдын март айында тартылган. Ал күнү жума күнү болгон. Айылда сүмөлөк жасалып, эки ашпозчу ошол жакка кетишкен. Мага кийинчерээк тазалап коё турганын айтышкан. Кийин келип, тазалап коюшкан. Ошол күнү мурда иштеп кеткен ашпозчу ашканага кирип, тазаланбаган абалды видеого тартып алган экен. Мен кийин ашпозчулар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүм», - деди ал.
Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талайбек Жусупов мектеп авариялык абалда экенин, жакынкы жылдары жаңы мектеп салына турганын билдирди. Ошондой эле ашкана бардык керектүү жабдуулар менен камсыз болуп, таза экенин билдирди.
Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, мектеп боюнча арыз түшкөн эмес. Ал эми ашкана текшерилип турат.