Turmush — Ошто өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган адам алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-март күнү ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматына 2 жаран арыз менен кайрылган. Алар 2025-жылдын ноябрь айында өзүн Арстан деп тааныштырган адам жабырлануучуларга «милиция кызматында иштейм» деп ишенимге кирип, алардын ишениминен кыянаттык менен пайдаланганын билдиришкен. Ал Россиянын номеринде жүргөн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны «кыргыз номерине өткөрүп берем» деген шылтоо менен 70 миң сом акча алып, убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.
Мындан тышкары, ушундай эле жол менен Россиянын номеринде катталган «Шкода Октавия» үлгүсүндөгү унааны «каттоодон өткөрүп берем» деп дагы 18 миң сом алып, кийин байланышпай калгандыгы белгиленген.
Жарандардын арызы тиешелүү тартипте катталып, топтолгон материалдар 6-апрелде Ош ШИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлгөн. Аталган факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Ош шаарынын 1997-жылы туулган тургуну М.А. экендиги маалым болгон. Ал ИИМдин ички иликтөө кызматынын жана Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө органына жеткирилген. Анын милиция кызматына эч кандай тиешеси жок.
Азыркы учурда Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында шектүү тарабынан жасалган болушу мүмкүн болгон башка алдамчылык фактыларын аныктоо максатында кошумча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.