Turmush — Нарын облусунун жетекчилиги Жумгал районунун эли менен жолукту, деп билдирет аймактык кабарчы.
Жыйынга катышкан тургундар ирригация, жайыт, жол маселелери, ошондой эле жергиликтүү жетекчилер менен айыл өкмөттөрүнүн ишинин солгундугу тууралуу маселелерди көтөрүштү. Көпчүлүк айтылган көйгөйлөр жергиликтүү бийлик тарабынан чечиле турган ички маселелер экени белгилүү болду.
Чаек айылынын тургуну Айтбек Бөдөшов райондо мал союучу жай жок экенин айтып, бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын билдирди. Анын айтымында, өзү жеке каражатына мал союучу жай куруп берүүгө даяр, бирок жергиликтүү бийлик жер маселесин чечип бере албай жатат. Ошондуктан ал бул маселе боюнча дубан башчыдан жардам сурады.
Өз кезегинде өкүл жергиликтүү бийликке жер маселесин 1 жуманын ичинде чечүү тапшырмасын берди.