Turmush — Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну — 9 жаштагы Хамза Мырзакулов кышында эл басчу тротуарды күрөп чыгып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
Аймактык кабарчы билдиргендей, жыл башында айылга кар калың жаап, жолдор атайын техникалар менен тазаланган. Бирок жөө адамдар басчу тротуарлар кардан арылтылбай калган. Айыл өкмөтү жана муниципалдык кызмат тургундарды өз үйлөрүнүн алдындагы тротуарларды тазалоого чакырган. Тилекке каршы, көпчүлүк бул ишке чыккан эмес.
Ал эми жаш жеткинчек Хамза өзү кичинекей болсо да үйүнүн алдындагы, көчөдөгү жана коңшуларынын жанындагы тротуарларды бир топ жерге чейин күрөп чыккан. Анын бул аракети видеого да түшүп калган.
«Мен чынында балдарыма кар күрөгүлө дегем. Бирок Хамзанын тротуарды да кошо күрөп кеткенин билбептирмин. Кийин айылдын WhatsApp тайпасынан айыл башчы кар күрөгөн баланы издеп жатканын көрүп, ал менин балам экенин билдим. Балам абдан зээндүү, аракетчил. Бир нерсени түшүнсө, дароо жасап кирет. Айыл башчы “белегим бар” дегенин уккандан бери аябай сүйүнүп жүрдү. Баламдын аракетин баалап, даражасын көтөргөн ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем. Мектеп жамаатына да рахмат», — деди атасы Максатбек Бойтоев.
Айыл башчысынын бул демилгесин Чаек жана Кызыл-Жылдыз айылдарынын тургундары, соода жайларынын ээлери жана жаш ишкерлер колдоого алышкан. Натыйжада Хамзага велосипед, спорттук кийимдер, ал эми ата-энесине таттуу белектер тапшырылды.
Мындан тышкары, Чаек айыл өкмөтү тарабынан ардак грамота, райондук билим берүү бөлүмүнөн ыраазычылык кат, Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекциясынан кино көрүүгө сертификат, тез татым жайынан тамактанууга сертификат берилди. Ал эми мектеп жетекчилиги өздөрү колдонгон планшетти тапшырып, кошумча сыйлыктарды ыйгарды.
Хамза Мырзакулов үй-бүлөдө 7 бир туугандын бири. Атасы Максатбек Бойтоев айылда мураб болуп эмгектенип, дыйканчылык менен катар айыл чарба техникаларын оңдоо иши менен алектенет. Ал эми апасы Насыйкат Карыпбекова үй кожойкеси.