Turmush — Токтогул районунун Иманалиев айыл аймагында жаңы өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүкчөсү курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аймакта буга чейин өрт өчүрүү кызматы болгон эмес. Курулуш иштери быйыл июнь айында бүтөт.