Turmush — Түп районунун борбору болгон Түп айылында июнь айында муниципалдык автокасса ишке кирет. Учурда мамлекеттин карамагына өткөн имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.
Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Бозгуновдун айтымында, оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн. Жакынкы убакта заман талабына ылайык эне жана бала бөлмөсү, жуунучу жай, айдоочулардын эс алуу жайы, медициналык кароо бөлмөсү, тамактануучу жай жана автокасса бөлүмү ишке берилери күтүлүүдө.
«Буга чейин Түп—Бишкек, Түп—Каракол жана Түп—Сары-Тологой каттамдары жеке менчик автобекет аркылуу жүргүзүлүп келген. Автокасса райондун борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан, айрым учурда унаалар тротуарга токтоп, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам 2025-жылы мамлекетке кайтарылган эски имаратты иретке келтирип, муниципалдык автокасса ачууну пландап жатабыз.
Бул багытта 70 сотых жер аянтында жайгашкан, 300 чарчы метрлик имаратты “Ысык-Көл бирдиктүү мамлекеттик ишканасы” оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Алдыда коомдук даараткана салуу да пландалууда. Негизги максатыбыз — чет элдик туристтерге жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү», — деди У. Бозгунов.