Turmush — Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган эркек киши жабыркап, аны жергиликтүү тургундар ооруканага жеткиришкен.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
- Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 22-апрелинде болжол менен саат 20:50 чамасында Токмок ШИИБге Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө автоунаа күйүп жатканы тууралуу кабар келип түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда Жантаев көчөсүндө «Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткени аныкталган.
Өрт кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу — 2003-жылы туулган А.М. денесинен 2-3-даражадагы күйүк алып, дароо жакынкы ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалыматтарга караганда, автоунаа белгисиз себептерден улам күйүп кеткен.
Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram