Turmush — Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Аман Жолдошбеков дайындалды.
Ротация тартибинде дайындалган жаңы жетекчини 23-апрелде район акими Илияз Ташбаев эмгек жамаатына тааныштырды.
Бул кызматты 2024-жылдын ноябрь айынан бери Эдил Картаев ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду.
Аман Жолдошбеков 1993-жылдын 25-сентябрында Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагынын Бала-Айылчы айылында туулган.