Turmush — Кечээ, 22-апрелде Ош облусунун жетекчилиги дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы биринчиликте байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды жана аларды даярдаган машыктыруучуларды сыйлады. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, аларга акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
Сыйлык алган спортчулар жана машыктыруучу:
- Бакирдинов Нурмухаммед;
- Култаев Актилек;
- Бекмамат кызы Айсулуу;
- Өмүрзакова Жибек;
- Аттокуров Илимбек — машыктыруучу.