Turmush — Тоң районунун мугалими Радмила Исмаилова “Жыл мугалими — 2026” жана “Жылдын мыкты класс жетекчиси — 2026” республикалык конкурсунда STEM багыты боюнча наамга ээ болду.
Ал Тоң районунун Туура-Суу 2 айылындагы Сагынтай атындагы жалпы билим берүү мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенет.
Анын айтымында, мугалимдик кесип — эң жоопкерчиликтүү жана өзгөчө кесиптердин бири. Себеби бул кесип адамдын келечегине түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан мугалимден чоң чыдамкайлык, сабырдуулук жана ар бир окуучуга өзгөчө мамиле талап кылынат.
«Ар бир окуучунун мүнөзү ар башка, билимди кабыл алуусу да ар түрдүү болот. Мугалим катары ар бирине өзүнчө мамиле табуу — менин күнүмдүк ишимдин маанилүү бөлүгү. Ошондой эле дайыма изденип, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылам», — деди ал.
Мугалим белгилегендей, бул кесип ардактуу болгону менен өзүнө жараша кыйынчылыктары да бар. Бардык окуучуга бирдей деңгээлде билим берүү оңой эмес. Айрым окуучулар сабакка кызыкпашы мүмкүн, кээ бирлерине материалды түшүндүрүүгө көбүрөөк убакыт жана күч талап кылынат. Мындан тышкары, ар бир сабакка даярдануу, жаңы усулдарды изилдөө да чоң эмгекти талап кылат.
Радмила Исмаилованын айтымында, анын ишмердүүлүгүндөгү өзгөчө жетишкендиктердин бири — “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы уюштурган “Жылдын мыкты класс жетекчиси – 2026” республикалык конкурсунда STEM багыты боюнча наамга ээ болгону. Бул ийгилик ал үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик болуп саналат.
«Конкурска даярдануу учурунда окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган STEM ыкмаларын кеңири колдонууга аракет кылдым. Сабактарымда теория менен практиканы айкалыштырып, окуучуларга изилдөө жүргүзүүгө, ойлонууга жана өз алдынча жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бердим», — деди мугалим.
Анын айтымында, бул сынак кесиптик деңгээлин баалоого, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө жана тажрыйбасын өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү. Окуучуларынын активдүүлүгү, сабакка болгон кызыгуусу жана жетишкендиктери аны мындан ары да изденүүгө шыктандырып келет.
Мындан тышкары, ал “Жыл мугалими – 2026” сынагынын райондук туруна катышып, ийгиликке жетишкенин да өзгөчө унутулгус учур катары белгиледи. Анын айтымында, бул конкурс атаандаштык гана эмес, өзүн сыноо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик өсүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду.
«Даярдык учурунда көп изденип, сабак өтүүдөгү чыгармачылыкка, окуучулар менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөргө жана заманбап технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурдум. Албетте, бул жолдо кыйынчылыктар да болду. Бирок алар мага жаңы нерселерди үйрөтүп, алдыга умтулууга дем берди.
Сынактын жүрүшүндө өз тажрыйбамды көрсөтүп гана тим болбостон, башка мугалимдердин иш тажрыйбасынан да көп нерсе үйрөндүм. Бул менин кесиптик көз карашымды кеңейтип, ишиме болгон кызыгуумду дагы да арттырды.
Жыйынтыгында жетишкен ийгиликтерим — бул менин гана эмес, мени колдогон үй-бүлөмдүн, кесиптештеримдин жана окуучуларымдын эмгегинин үзүрү. Бул ийгилик мага чоң жоопкерчилик жүктөп, мындан ары да өз үстүмдөн иштеп, билим берүү тармагына салым кошууга шыктандырат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баарына терең ыраазычылык билдирем», — деди Радмила Исмаилова.