Turmush — Токмок шаарында жеңил унаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жантаев көчөсүндө жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган жигит жабыркап, жергиликтүү тургундар тарабынан ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.