Turmush — Кадамжай районунда мал уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 20-март күнү Тамаша айылынын 52 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, эртең менен талаага айдап чыккан 5 баш бодо малы кечинде кайтып келбей калганын билдирген. Бул факт Кадамжай РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча катталып, тергөө иш-чаралары башталган. Аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жеңиш айылынын 30 жаштагы тургуну Ш.Т. жана Көк-Талаа айылынын 28 жаштагы тургуну Ж.А. аныкталган.
Тергөөдө белгилүү болгондой, шектүүлөр буга чейин 2025-жылы болгон 2 мал уурулукка, ал эми 2026-жылы 4 мал уурулукка шектелип жатышкан. Алар уурдалган малды Өзгөн шаарындагы мал базарында сатып жиберишкен. Сатылбай калган 2 баш малдын биркасын алмаштырып, биринин кулагына салынган эн белгисин өзгөртүп, өз үйлөрүндө багып жүрүшкөн.
Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.