Turmush — Чүй облусунун тоо этектеринде жаандан кийин чоң козу карындар пайда болду. Бул боюнча «тынч аңчылыкты» сүйгөндөр кызыктуу видео менен бөлүшүштү.
«Бул козу карындар ири, көлөмү чакан топтой болот. Алардын бир нечеси эле бүтүндөй бир көмөч казанга деликатес кылып куурууга жетет», — дешти козу карын тергендер.
«Жамгыр козу карындарынын көпчүлүк түрлөрү — головач, тикендүү, шалбаа түрлөрү — жегенге жарамдуу жана даамдуу келет. Бирок алар жаш кезинде гана колдонулат. Аларды кууруп, шорпо жасап, маринаддап жана кургатып пайдаланууга болот. Даамы жагынан жамгыр козу карыны шампиньонго окшош. Эң негизги белги — ички эти ак жана тыгыз болушу керек. Эгер саргайып же карарып кетсе, анда козу карын эскирип, тамакка жараксыз болуп калат.
Мындан тышкары, кадимки жалган жамгыр козу карыны деген түрү да бар. Ал жегенге жарабайт жана ашказан оорутушу мүмкүн. Анын ички эти жаш кезинде эле күрөң түстө болуп, жагымсыз жыт чыгарат», — деди машрумхантер Сайора Маматова.