Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынан Бишкек шаарына каттаган жолдун абалына жергиликтүү тургундар нааразы болуп жатышат.
«Сөзсүз эле президентке айтып, арызданыш керекпи? Муну жергиликтүү бийлик деле чечип койсо болот да. Жок дегенде аң-чөнөктөрүн оңдоп коюшса жакшы болмок. Унаалар талкаланып бүттү. Азыр да жүргүнчү ташыган коомдук автобус жол ортосунда бузулуп калды. Тыгын бир саатка чейин созулуп жатат», — деп айтылат маалыматта.