Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда айылдаштар мушташып, эки жаран бычактан жаракат алды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн, 22-апрелде Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылында айылдаштар экиге бөлүнүп, мушташып кетишкен. Анын кесепетинен 43 жана 40 жаштагы эки жаран бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалымат боюнча, бир жаранга 4 жолу бычак сайылган. Ага ооруканада операция жасалды.
Айылдаштарынын айтымында, бул чыр 2025-жылы башталган. Былтыр жабыркап калгандар быйыл өч алышкан.
Ал эми Ош ОИИБ Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
«Аталган факты Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат жана окуя боюнча толук маалымат берилет», - деп айтылат маалыматта.
Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов бул боюнча маалыматы бар экендигин, милиция кызматкерлери иш алып барып жатканын билдирди.
Күбөлөрдүн видеосу: