Turmush — Канатбек Ырысов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Маалым болгондой, аталган кызмат акимдин орун басары рангына теңештирилет.
Канатбек буга чейин Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Кесиби боюнча юрист.
Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.
РЕЗЮМЕСИ:
Туулган жылы: 22.05.1988
Иш тажрыйбасы:
01.03.2010 - 23.03.2010-жж — «Сулюктакомур» ААКта камсыздоочу;
23.03.2010 - 10.06.2010-жж — «Сулюктакомур» ААКта көзөмөл пунктунун тоо жумушчусу.
07.07.2011 по 25.09.2011-жж — «Сулюктакомур» ААКта көзөмөл пунктунун башчысы;
25.09.2011по 22.03.2012-жж — «Сулюктакомур» ААКта көзөмөл пунктунун тоо жумушчусу;
22.03.2012 по 22.08.2013-жж — «Сулюктакомур» ААКта көзөмөл пунктунун башчысы;
22.08.2013 по 01.11.2013-жж — «Сулюктакомур» ААКта көзөмөл пунктунун тоо жумушчусу;
01.11.2013 по 01.08.2014-жж — «Сулюктакомур» ААКта камсыздоочу.
Сүлүктү шаарынын мэриясы
25.02.2015 –28.09.2015-жж — Сүлүктү шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси;
01.10.2015 – 15.03.2017 Сүлүктү шаарынын аскерке чейинки каттоо столунун инспектору.
15.03.2017 – 25.09.2019 «Алтын Кен Плюс» ЖЧКнын директору
26.09.2019 – 09.06.2021 «Сүлүктү таза суу канал» ишканасынын директору.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги:
17.10.2022 ж. – 18.03.2023-жж — Айыл чарба министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча Баткен аймактар аралык бөлүмүнүн инспектору;
20.03.2023-ж. – 05.07.2024-жж — ушул убака чейин Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары;
05.07.2024 − ушул убака чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетуу өнөр жай министрлигине караштуу Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.