Turmush — Баткен облусунда өткөн акыл таймашта Ош облусунан барган айыл өкмөт башчылар 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 21-апрелинде Баткен облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл — жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар-кеңешме болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында алгачкы жолу «Акыл майдан» интеллектуалдык оюну уюштурулду. Бул таймаш билимди, ыкчам ой жүгүртүүнү жана командалык духту даңазалаган маанилүү аянтча болду.
Жыйынтыгында Ош облусунун айыл өкмөт башчыларынан түзүлгөн команда 1-орунду жеңип, 250 миң сом байгеге ээ болду.