Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Окурман үй-бүлө — өнүккөн коом» аталыштагы адабий иш-чара өткөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган айылдагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде окуучуларды, ата-энелерди китеп окууга кызыктыруу, үй-бүлөлүк окуу маданиятын калыптандыруу жана коомдун руханий өнүгүүсүнө салым кошуу максатында «Бир адамдан бир китеп» демилгесинин алкагында китеп берүү акциясы, ошондой эле «Бирге окуйбуз, бирге өсөбүз» аталышта китеп окуу сынактары уюштурулду.
Мындан сырткары, бир ай мурда башталгыч класстардын окуучулары арасында «Бактылуу адамды тарбиялоо» китеби боюнча китеп окуу сынагы жарыяланган. Сынакка жалпы 56 ата-эне катышып, 30 суроодон турган тест аркылуу өз күчтөрүн сынап көрүштү.
Жыйынтык:
- 1-орун — Айжаркын Абылаева;
- 2-орун — Ильич Шеримбеков;
- 3-орун — Иманбек кызы Турсунай.
Бул сынакта жеңүүчү болгон ата-энелер, окуучулар грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты.