Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2026-жылдын 3 айында кибер алдамчылык боюнча 33 учур катталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Аксы районунун прокурорунун орун басары Тынчтыкбек Кенжебаев билдирди.
Анын айтымында, учурда бул иштер боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
«Акыркы учурда маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштардын саны өскөнү байкалат. Анын ичинде эӊ көп таралган схемалар телефон аркылуу алдамчылык кылуу болуп эсептелет. Талдоолорго ылайык, Аксы районунда телефон аркылуу алдаган фактылар көп кездешет.
Мисалы, кибер кылмышкерлер адамдар менен банк кызматкери болуп сүйлөшүп, картадан бирөө-жарым акча алганы жатканын айтып, каражатын башка эсепке которууну же насыя алууга үндөп, чет өлкөлүк кайсы бир компанияга инвестор болуп акчаңды көбөйт деп, жарандарды алдап, акчаларын котортуп жатышат.
2026-жылдын 3 айында Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул категориядагы кылмыштар боюнча жалпы 33 кылмыш иши козголуп, жалпы козголгон иштердин 34%ын түзүп, учурда алар боюнча тергөө жүргүзүлүүдө», - деди Кенжебаев.
Мындан сырткары ал жарандар мындай учурларга туш болгондо биринчи кезекте банк кызматкерине чалуу жүргүзүү зарыл экенин айтат. Анткени картадагы акчаларды башка жакка которууга жол бербөө үчүн тийштүү аракеттерди колдонушу мүмкүн. Ошол эле учурда укук коргоо органдарына билдирүү керек.
- Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн 2025-жылы өлкөдө кибер кылмыштарга байланыштуу 1547 иш козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 826,5 млн сом болсо, анын 73,9 млн сомго жакыны ээлерине кайтарылып берилген.