Turmush — Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 61 жаштагы тургуну Эдилбек Сейтакунов 5 жылдан бери асыл тукум мал асырап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен билдирди.
Эдилбек Сейтакунов 1971-1981-жылдары орто мектепте билим алган. 1982-1985-жылдары аскердик кызматын өтөп келген. 1986-1990-жылдары Ысык-Көл облусундагы айыл чарба техникумунун зоотехника бөлүмүндө билим алган. 1989-1990-жылдары комсомол уюмунда, 1990-1992-жылдары чарбада зоотехник, 1992-1996-жылдары чарбада бригадир жана башка чарба иштеринде эмгектенген. 2004-2013-жылдары Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин төрагасы, жайыт комитетинин төрагасы болуп иштеген. Жубайы Маасымкүл Мейманова айылдык китепкананын башчысы. Экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.
Алгачкы аракеттер
- 1996-жылы дыйкан чарбага тарап кеттик. Бир туугандар болуп биз дагы дыйкан чарбага бөлүндүк. Үлүшкө 70 баш майда жандык, 3 баш жылкы тийди. Ошондон баштап мал чарбачылыгы менен алектенип келебиз. Жайыт комитетинде иштеп жүргөн кезимде мамлекет тарабынан асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча атайын окууларда жүрүп, кеп-кеңеш алып, ошондон улам кызыга баштадым.
Эдилбай, арашан тукумундагы малды асыроо алгач Кош-Дөбө айылында колго алынып калган. Ошол айылга барып эдилбай, арашан тукумундагы козу кочкорлордон сатып келген элем. Калп айтпасам 25-30 миң сомдон алгам. Бирок ошого жараша ургаачыларын дагы алып келиш керек экен. Биз кочкорлорун гана алып келип, өзүбүздүн колдогу койлорго гана аргындаштыруу кылганбыз. Ушуга көп жылдык мээнет кетип калды да. Антсе дагы 5 жылдан бери арашан, эдилбай козулар туулуп, эми гана тукуму оңолуп келе жатат. Негизи асыл тукум мал асыроо үчүн ветеринардык кароону күчөтүш керек экен.
Эдилбай жана арашан
- Эдилбай койлору биздин койлорго караганда жайытка ыңгайлашкан, буту-колу узун болот экен. Кыштын орто ченине чейин кар тээп оттой алат. Ал арашан сөөктүү, буту-колу узун болот экен. Бирок өзүн тың алып жүргөнү менен жайыттан берки биздин койлордой семире албайт. Атайын кошумча тоют берип семиртиш керек экен. Ал эми жүнү кылчык болот. Негизи эдилбай менен арашан чоңдугу менен айырмаланып турат. Эдилбайдан 1 баш козу кочкор, арашандан 1 баш козу кочкор алып келгем. Булар жайытта көп мал менен жүргөндө семире албагандыктан, өзүнчө колго алып калып багам. Бизде жайыт тар болгондуктан жана буларга кошумча тоют менен дагы камсыздап туруш үчүн көп санда деле баккан жокмун. Болгону 30 баш бар.
Кыргыз жылкысы жана ала-тоо уйлары
- Эми майда жандыктан гана асыл тукум эмес, бодо малды дагы асыл тукумга өткөрүүнү колго алгам. Ал үчүн асыл тукум мал асыроо, аларды жасалма уруктандыруу боюнча атайын окуп келген, Жаңы-Талап айылында Алтынбек Арпачиев деген мыкты ветеринар бар. Ал жигитти ээрчитип келип, уйларымды жасалма уруктандыруу жасаткан элем. Учурда ала-тоо породасындагы 3 уй жана абердин-ангусс породасындагы 1 уюм бар. Буларды дагы көбөйтүүнү максат кылып жатам.
Ошондой эле өзүбүздүн, илгерки кыргыз жылкыларын көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барып жатабыз. Кыргыз жылкыларынын бою жапыз, бирок биздин тоо-ташка ылайыкташкан мал. Биздин айылда орловка сыяктуу орус жылкыларын алып келгендер бар. Бирок асыл тукум жакшы түшпөй жатат да. Биздин кыргыз жылкылары жок болуп кетпесин деген максатта кыргыз жылкыларын асырап жатам.
Көйгөйлөр дагы жок эмес
- Асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жакшы эле колдоо болуп жатат. Жеңилдетилген насыяларды берип жатат. Өзүбүздүн аракетибиз азырак болуп жаткандай. Албетте көйгөйлөр дагы жок эмес.
Биринчи көйгөй, ветеринария жагын күчөтүш керек. Бардыгы эле жеке сектор болуп калбадыбы. Кааласа иштешет, каалабаса иштебей коюшат. 2-3 жылдан бери мал ылаңдары басылбай келет. Кара өпкө, шарп, күл ооруларынан мал сергий албай жатат. Дарылап, жайытка чыгарабыз. Кайра эле биринен бирине жугуп, кайра эле ооруп калат. Ветеринардык жакты күчөтүү зарыл. Айыл өкмөттүн алдында эле түзүп коюшса.
Экинчиден айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги. Таптакыр жок эмес, бар. Бирок жеке менчиктеа. Ал аз келгенсип эски техникалар. Алар деле көңүлү келсе иштеп, көңүлү келишпесе иштебей коюшат. Ушундан аксап келебиз. Ушуну деле айыл өкмөттүн алдында уюштуруп коюшса дурус болмок.