Turmush — Кадамжай районунун Разъезд айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жаңы имараттын курулушуна 3 млн 870 миң сом акча каралган. Муну ичинде элдик салым 1 млн сомду түзгөн. Курулуш иштери жеке ишкер Кубанычбек Асанов тарабынан жүргүзүлгөн.
Жаңы ФАП 2 миңге жакын адамды тейлейт.