Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук стадионунда достору менен автобейбаштык кылган айдоочунун видеосу тараган. Айдоочу табылып, айып пул салынды.
Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарда тараган видео материалдын негизинде жол эрежелерин одоно бузуу фактысы аныкталды.
Видеодон бир нече жигит унаадан белине чейин чыгып алып, айдоочу унаанын айлантып айдаганын көрүүгө болот.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө «BMW 520» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу автоээнбаштыкка жол бергени такталды. Ага административдик протокол түзүлүп, айдоочу — Каракол шаарынын 2005-жылы туулган тургунуна 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле автоунаа убактылуу айып короого токтотулду.
Укук бузуулар кодексинин189-беренеси (автоээнбаштык):
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса — транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.