Turmush — Бүгүн, 22-апрель күнү Манас районунда мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ага акимчиликтен өкүлдөрү катышып, билим берүү тармагында мыйзамсыз акча жыйноолорго жол бербөө жана туулган күндөрдү белгилөөгө тыюу салуу маселелерин белгилешти. Акыркы коңгуроо сыяктуу салтанаттуу иш-чараларда, ошондой эле башка майрамдарда мугалимдерге жана класс жетекчилерине окуучулар тарабынан сый акы чогултууга жана алууга тыюу салынары айтылды. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ар бир класста окуучулар жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Экскурсия, отуруш сыяктуу иш-чаралар болбойт.