Turmush — 2026-жылдын 1-кварталында Чүй облусунун жергиликтүү соттору тарабынан жаш өспүрүмдөр катышкан 10 кылмыш иши каралды.
Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Калия Рысбек кызынын маалыматы боюнча, жалпы 17 балага карата чечим чыгарылган. Анын ичинен 4 балага камак жазасы дайындалып, 8 бала пробациялык көзөмөлгө алынган. Ал эми 5 балага карата кылмыш иштери жабырлануучу тарап менен макулдашууга жетишилгендиктен улам кыскартылган.
Өспүрүмдөр арасында эң көп катталган кылмыштардын катарына баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды таратуу (закладка), денеге залал келтирүү, уурулук жана тоноо кирет.
«Ошол эле учурда балдар жабырлануучу болгон учурлар да аз эмес. Бул мезгилде 19 кылмыш иши катталып, 19 бала жабыркаган. Натыйжада 16 айыпталуучу камакка алынып, 2 адамга айып пул салынган. Бир иш тараптардын макулдашуусунун негизинде кыскартылган.
Жалпы жыйынтык көрсөткөндөй, 2026-жылы өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыш иштеринин өсүү тенденциясы байкалат. Ал эми, жабырлануучу катары катталган учурлар салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.
Балдардын кылмышка баруусунун негизги себептери катары ата-эненин көзөмөлүнүн жетишсиздигин, тарбия маселелерин, укуктук билимдин жетишсиздиги, билим алуудагы кыйынчылыктарды жана терс чөйрөнүн таасирин белгилешет. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн коомчулук, ата-энелер жана тиешелүү мамлекеттик органдар биргелешип иш алып баруусу зарыл. Балдардын коопсуздугу жана келечеги ар бирибиздин көңүл борборубузда болушу керек», - деди ал.