Turmush — Кечээ, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин XX сессиясында «Тешик-Таш» базарын көчүрүү боюнча маселе көтөрүлдү.
Сессияга шаар мэри Жанар Акаев, вице-мэрлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде 15 маселе каралды.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Илхомжан Каримов «Тешик-Таш» базарын көчүрүү боюнча суроо салды.
Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиевдин айтымында, «Тешик-Таш» базары жайгашкан аймакта базар болбойт.
«Алымбек датка көчөсүн бойлогон бардык объекттер көчүрүлөт. Раззаков көчөсүнөн баштап Шамшат көчөсү аркылуу узундугу 3 чакырым 200 метр болгон жол курулат. Долбоордо эки эстакадалык көпүрө да каралган. Жолго тоскоол болгон бардык коммерциялык объекттер, соода түйүндөр жана жеке менчик курулуштар алынат», - деди ал.
Ошондой эле Бабараимов көчөсүндөгү буюм базары да жол куруу долбооруна туш келгендиктен толугу менен көчүрүлөрү белгиленди. Буга чейин айрым соодагерлер көчүрүлгөнү менен айрымдары ишин улантып жатканы айтылды. Бул аймак толугу менен тазаланып, жол курулат.
Буга чейин мэрия Ош шаарындагы «Тешик-Таш» базары 15-февралда жаңы базарга көчүрүлө турганын билдирген.
Маселенин чоо-жайы:
2023-жылы 6-июнда Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн жээгинде жайгашкан «Тешик-Таш» базарынын соодагерлери нааразычылык билдирип, Рысбай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жанына чогулушкан. Алгач соодагерлер Алишер Навои көчөсү менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинин жанына чогулуп, Ленин көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки жолдун жабылганына нааразы болуп, Ош шаардык мэриясынын кызматкерлеринин келүүсүн талап кылышкан.
Кийинчерээк чогулгандар менен Ош шаарынын ошол учурдагы вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жолуккан.
«Бул жол оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Силерди эч ким кубалаган жок, үстү тосулган жерде — «Тешик-Таш» базарында соодаңарды кыла бергиле. Биз тротуарларды оңдоп-түзөйбүз. Троутарга туруп саткандарга жол бербейбиз. Анан унаа кирбейт. Болбосо курулуштун мөөнөтү кечеңдейт. Адам киргенге уруксат беребиз, айла жок, товарыңарды жөө ташый бергиле», - деген Жунусбаев.
Чогулгандар ага макул болбой, 25 күн бир көчөдөн, 25 күн башка көчөдөн күнүнө бир маал автоунаа кирүүгө уруксат берүүсүн суранышкан. Анда Жунусбаев унаа киргенге уруксат берилбей турганын айтып, соодагерлерге тоок базарга барып, соода кылууну сунуштаган. Сатуучулар буга да макул болгон эмес.
Нааразы болгондордун айрымдары СМУТТ районундагы базарга барып, калгандары «Тешик-Таш» базарында калмай болгон.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев борбордук базарды көчүрүү боюнча шаардык мэриянын планы бар экенин, бул үчүн «Жапалак» муниципалдык унаа базарынын жанынан 37 гектар жердин документтери даярдалып жатканын айткан.
«Шаар өнүгүп, жол тыгыны жок болушу керек. «Тешик-Таш» базары боюнча «Жылдырып бергиле, бошотуп бергиле» деп шаардыктардан абдан көп арыз түшөт. Ленин, Курманжан датка деген чоң көчөлөрүбүз бар. Ленин көчөсүн жаңы бекетке чейин бир тараптуу, Курманжан датка көчөсүн бир тараптуу кылалы деп жатабыз. Азыр сатуучулар «Жолду ачып бергиле» деп жатышат. Жолду ача албайбыз. Жолду ачсак, жумуш кечигет. Сентябрь айында студенттер келгенге чейин ал жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүбүз керек.
Борбордук базар боюнча Жапалак айыл өкмөтүнөн 37 гектар жер каралган. Азыр жердин категориясын өзгөртүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе. Биринчи вице-мэр ушул иш менен жүрөт. Жакынкы күндөрү бүтсө, ал жакта бүт шарты менен базар болот», - деген Жунусбаев.
2025-жылдын 13-августунда Ош шаарынын ошол учурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев «Тешик-Таш» базарынан Курманжан датка көчөсүнө чыккан кичи жолду кеңейтүү иштерин көрүп, мөмө-жемиш базарын жаңы базарга жылдыруу боюнча тапшырмаларды берген.
Мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов жеке ишкерлерге «Дыйкан» базардан жер берилерин айткан.
«Мэр «Тешик-Таш» базарын жаңы базарга жылдыруу тапшырмасын биринчи вице-мэрге жүктөдү. Ал жерге 1-2 эле адам ээлик кылат. Жаңы базардагы «Дыйкан» базарына жылдыруу каралууда», - деген Сулайманкулов.