Turmush — Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну С.И. аттуу тургуну мыйзамсыз аң уулоо эрежежелерин бузуп, 1 баш кекиликти атып, 3 баш кекиликти тирүүлөй кармап алганы аныкталды. Бул тууралуу Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери тарабынан атайын рейд уюштурулган. Бул боюнча аталган жарандын үстүнөн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин (аң уулоо эрежелерин бузуу) негизинде 12500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, Кыргыз Республикасынын №224 токтомуна ылайык 8000 сом өлчөмүндө доо коюлду. Ал эми олжолонгон кекиликтердин бири атылгандыгына байланыштуу ветеринардык кызматтын чечими менен жок кылынды. Калган 3 кекилик тиешелүү адистердин карамагынан өткөндөн кийин жаратылышка койо берилди.
Андан тышкары, апрель айында, облус аймагында 3 мыйзамсыз балык уулоо эрежелерин бузуу фактысы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесиинин 1-бөлүгүнө (балык уулоо эрежелерин бузуу) ылайык 3 жаранга 3000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, Кыргыз Республикасынын №224-токтомуна ылайык 1 жаранга мыйзамсыз 6 балык кармагандыгы үчүн 3030 сом өлчөмүндө доо коюлду.