Turmush — Ош шаарында батирлерге уурулукка кирип жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында бир нече батирге кирип, уурулук жасап жүргөн Ош шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Ж.А. кармалды. Учурда ал Ош шаарынын Достук, Манаса-Ата кичи райондорунан жалпысынан 8 үйгө уурулукка киргенге шектелүүдө.
Тергөө ишинин жүрүшүндө 28 жаштагы шектүү Ж.А. бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, бир нече үйлөрдөн баалуу буюмдарды, акча каражаттарын уурдап кеткендиги аныкталды. Акыркы ирет Ош шаарынын Достук кичи районундагы жеке үйлөрдүн бирине терезе аркылуу уурулукка кирип, үйдүн жашоочуларына таандык болгон эки даана алтын сөйкө, беш даана шакек, 200 АКШ долларын жана 10 миң сом акча каражаттын уурдап кеткен. Алтын буюмдарды өз баасынан арзан сатып, түшкөн акчаларды жана уурдаган акча каражаттарды эс алууга короткон.
Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 18-апрелде киргизилген. 20-апрель күнү Ош шаарынын соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга абакта кармоо чечими чыкты.
Шектүүдөн жабыр тарткандар болсо кылмыш иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот.