Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында болжол менен 1630-1700-жылдары жашап, кыргыз жерин коргогон балбан, баатыр Сарыке Балтатыр уулуна айкел куруу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Ак-Суу районунун акими Канатбек Калдаралиев, Ак-Булуң айылынын тургундары, Сарыке атанын урпактары, Ак-Суу районунун Тегизчил, Маман, Токтогул, Ак-Чий, Кызыл-Кыя, Калматай айылдарынан, Каракол шаарынан, Кочкор районунан өкүлдөр катышты.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канатбек Калдаралиев Каракол—Ак-Булуң унаа жолу мамлекеттин эсебинен курулуп жатканын, жол дагы бир жарым метр бийиктикке көтөрүлөрүн билдирди. Ал жол бийиктесе тарыхый инсан Сарыке атанын таштан тургузулган мурдагы эстелиги көрүнбөй калат деп, урпактары тарабынан жаңы айкел жасатуу демилгеси көтөрүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, бул демилгени колдойт. Ошону менен бирге айкел келген адамдарды өзүнө тартып туруусу керектигин белгилеп өттү.
Жыйындын катышуучулары Сарыке Балтатыр уулунун кыргыз элинин мамлекетүүлүгү үчүн жасаган салымы зор экендигин баса белгилеп, мындай баатырларды даңазалоо керектигин айтышты. Сарыке атага коюлуучу эстеликтин долбоорлору менен таанышып чыгышып, анын ысмын урпактарга калтыруу максатында Сарыке атанын балбандыгын, эл башкарып, жоо менен кармашып, чек араны тактап, дипломат, акылман адам экендигин чагылдырган айкелди орнотуу керектигин белгилешти.
Айкелди орнотууга кетүүчү каражаттарды чогултуу жана башка уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча 21 адамдан турган комиссия түзүлүп, Нурбек Асаналиев төрагасы болуп шайланды.
Сарыке Балтатыр уулу болжол менен 1630-1700 -жылдары өмүр сүргөн тарыхый инсан. Ал жер таянып жыгылбаган чыгаан балбан киши болуп, калмактарды кыргыз жергесиен кууп чыгып, Теке ооданындагы Кайыңды өрөөнү Ала-Айгыр Кыз Сайкал деген жерге чек ташты көтөрүп келип, жети жерге коюп, кыргыз чегин чектеген. Ал таштар азыр Сарыке балбандын чек ташы деп аталат.
Сарыке атанын сөөгү Энчилеш айылына коюлуп, коргон тургузулган. Кийин коргон урагандыгына байланыштуу урпактары таш белги орнотулган. Сарыке ата Балтатыр уулунун эстелигинин жанына көрүнүктүү айкел тургузуу маселеси көтөрүлгөн. Ал үчүн айкелдин постаменти 3 метр бийиктикте, эстелиги 4 метр бийиктикте жасала турган эки долбоору талкууга коюлду.