Turmush — Ураимов Алихан Ураимович Баткен шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кол койду.
Алихан Ураимов буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси, Президенттин администрациясында инспектор, ошондой эле Баткен шаарынын биринчи вице-мэри кызматтарын аркалаган.
Алгачкы эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштаган.