Turmush — Ат-Башы районунда айдоочуларга жол белгилери камтылган китептер таратылууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, айдоочуларга жол белгилери камтылган китептерди таратышып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып үгүт-насаат иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаранын негизги максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулардын жол эрежелерин билүүсүн жакшыртуу жана жолдо маданияттуу, сабырдуу болууга чакыруу болуп эсептелинет.