Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин XX сессиясында ипотекалык 96 батирди муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн жобого өзгөртүү киргизүү боюнча маселе талкууланды.
Сессияга Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибине 15 маселе коюлган. Алардын арасында «Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» маселе каралды.
Анда Ош шаарынын курулуш тармагы боюнча вице-мэри Шумкарбек Пайзиев баяндама жасап, үйлөрү бузулган жарандарды мэрия учурунда ипотекалык үйлөргө киргизгенин айтты.
«Үйлөрү бузулуп кеткен жарандарды көчөдөгө таштабашы үчүн мэрия тарабынан ошол учурда 67 жаранды муниципалдык ипотекалык үйлөргө киргизип коюшкан. Ошондой эле театрдын артисттери да ошол көп кабаттуу үйгө киргизилген. Азыр тилекке каршы ошол жарандарга үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү боюнча юридикалык талаага келе албай жатабыз. Бул маселе комитетте да каралган. Аябай кызуу талкуу болуп, комитетте колдоо тапкан», - деди Пайзиев.
Депутат Бекболот Арзибаев учурунда артисттерге үй берилгенин айтып, «аларга үй бергенге мыйзам жол береби?» деп сурады.
Шумкарбек Пайзиев депутатка жооп берди.
«Азыр жобо боюнча ипотекалык ишкана үйлөрдү балансына алып туруп, ипотекалык шартта бериши керек. Азыр биз эми мажбур иретинде сиздерге сунуштап жатабыз. Ипотека ишканасы курган үйдү Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча. Азыркы күн тартибине коюлган маселе, 67 жаранга, 3 эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө, 23 артистке бөлүп берүү боюнча маселе эмес. Күн тартибине коюлган маселе ипотекалык үйдү Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча болуп жатат. Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алгандан кийин андан ары кандай кылып бөлүп беребиз — ал өзүнчө маселе. Азыр учурда жобого гана өзгөртүү киргизип берсеңиздер, аны өзүбүз муниципалдык менчикке алабыз», - деди Пайзиев.
Бекболот Арзибаев: «Түшүндүм, ошондо берки актрисаларга үй бериле элек экен да ээ?», - деди.
Шумкарбек Пайзиев: «Жок, азырынча берилбейт. Азыр 96 батирди муниципалдык ипотекалык ишкананын балансынан муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн ипотекалык ишкананын жобосун өзгөртүп беришиңер керек. Аны баланска алуу да мэриянын маселеси. Азыр ошол жобонун 5-пунктун өзгөртүп берүүңүздөрдү эле суранып келдик. 5-пункт кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн? "Зарыл болгон учурда Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү чечимдеринин негизинде башка максатка пайдаланууга укуктуу" болуп өзгөрөт. Жобонун ошентип өзгөргөн пунктунун негизинде ипотекалык ишкана курган 96 батирди мэрия муниципалдык менчикке өткөрүп алат. Андан ары батирлерди кандай шартта бөлүп беребиз, аны комиссиялык негизде чечебиз», - деди.
Бекболот Арзибаев: «Ошондо силер балансыңарга аласыңар, бирок аны ипотекалык ишкана курганда да. Ал ишкананын зыянын ким төлөп берет?», - деп сурады.
Шумкарбек Пайзиев муниципалдык ипотекалык ишкана зыян тартпастыгын, анын зыянын мэрия жер берүү менен төлөп берерин айтты.
«Ишкананын ишмердүүлүгүнө балта чабылбайт. Өзүңүздөр билесиздер, муниципалдык ипотекалык ишкананын түзүүчүсү Ош мэриясы. Туура айтасыз, ишкана кайсы бир убакка чейин аксашы мүмкүн. Биз муниципалдык ипотекалык ишкананын зыянынын ордун жер менен толтуруп беребиз.
Андан сырткары, ишкана эки программа менен иштейт. Бири — ипотека, экинчиси — үлүштүк каржылоо. Үлүштүк каржылоо менен азыр шаарда 19бу, 17би объект курулуп жатат. Өзүңүздөр бекитип берген токтом менен ошол үлүштүк курулуштан түшкөн 3 пайыздык акча каражаты мэриянын бюжетине түшүшү керек. Бирок биз азыр чечим кабыл алып, ошол мэриянын бюджетине түшө турган 3 пайыздык акчаны муниципалдык ипотекалык ишкананын балансына түшө турган кылалы деп жатабыз, компенсациялык негизде. Ушундай жолдор менен бат эле кутулабыз», - деди ал.
Натыйжада депутаттар бул маселени колдоп беришти.
---------------------------------------------------------------
Буга чейин вице-мэр Шумкарбек Пайзиев Turmush басылмасына берген комментарийинде Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жобосун өзгөртүү боюнча сунуш киргизиле турганын билдирген.
Буга чейин социалдык тармакка Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы банкрот болуу алдында турганы тууралуу маалымат тараган. Колдонуучулар муну мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин Михаил Щепкин атындагы жогорку театрдык окуу жайын бүтүргөн 22 бүтүрүүчүгө акысыз берилген батирлер менен байланыштырган.
«МИКтен Щепкиндин 22 бүтүрүүчүсүнө, бир агайына, 3 эм төрөлгөн 5-6 алты үй-бүлөгө үй берилген. Аларды үйгө жөн эле киргизип коюшкан, документтери берилген эмес. Бул маселе боюнча жакында Ош шаардык кеңешинин сессиясына маселе сунуштайбыз. МИКтин жобосун алар бекитип беришкен. Биз ошол МИКтин жобосуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралу маселени сунуштайбыз. Ошондон кийин акыркы чечим кабыл алынат», - деген ал.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы №113 , Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 5-апрелиндеги №85 жана 23-апрелиндеги №95 тотомдорунун негизинде «Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасы катары түзүлгөн.
2019-жылдын 22-мартынан тартып Ош шаарынын мэриясынын №49 токтомуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы болуп кайра түзүлгөн.
Turmush 2025-жылдын 17-июлунда Ош шаарында 3 эм балалуу жубайлар, театралдык окуу жайдын 22 бүтүрүүчүсү жаңы батирге ээ болгонун жазган.
Ипотекалык программанын алкагында курулган Краснофлот көчөсүнүн №5 дарегиндеги 96 батирлүү 9 кабат үй курулуп бүткөн.
Ошто театрда иштей баштаган артисттер:
2025-жылдын 20-майында Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында Москва шаарындагы М.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу тосуп алышкан. 22 бүтүрүүчү (актер, актрисалар) мугалимдери менен бирге келишкен. Алар Ош улуттук драма театрына жумушка кабыл алынган.
Артисттерге убадаланган батирлер:
22-май күнү аталган жаш актёрлорго убадаланган батирлер көрсөтүлгөн. Шаар жетекчилиги муниципалдык ипотека программасынын алкагында курулуп, аларга бөлүнүп берилүүчү 1 бөлмөлүү батирлерди көрсөтүп чыккан. Анда 22 батир чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлөрү айтылган. Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 22 маданият кызматкери эми Ош шаарында жашап иштешет.