Turmush — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жаңы мөмө-жемиш сактоочу жай курулат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Алишер Нурбек уулу билдирди.
Анын айтымында, Кызыл-Суу айылында маанилүү инфраструктуралык долбоордун иши башталды. 0,60 гектар аянттагы мурдагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын орду толугу менен тазаланып, мөмө-жемиш сактоочу жай курууга даярдык көрүлүүдө.
Азыркы учурда аймакты иретке келтирүү, тазалоо жана курулуш иштерине ылайыктоо иштери жүргүзүлүп, жаңы объектти курууга бардык шарттар түзүлүүдө. Бул долбоор — айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын эмгегин колдоого жана түшүмдү сапаттуу сактоого мүмкүнчүлүк берет.