Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы спортчу ага-ини борбордогу турнирде байгелүү орун алды.
Маалым болгондой, 2026-жылдын 18-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында грэпплинг боюнча ачык турнир болуп өттү. Мелдеште Ат-Башы районунун намысын коргогон ага-ини Алжановдор байгелүү орундарга ээ болушту.
Шахбулат Алжанов эки алтын медалдын ээси. 2015-2016-жылы туулган өспүрүмдөр арасында 35 кг салмакта күч сынашкан Шахбулат GI (кимоно менен) жана NO GI (кимоносуз) багыттары боюнча тең 1-орунду багындырды.
Чейрек финалда жана жарым финалда казакстандык спортчуну «сабмишн» (мөөнөтүнөн мурда багындыруу) ыкмасы менен жеңсе, финалда кыргызстандык күчтүү атаандашын упайлык артыкчылык менен артта калтырды.
- Шахбулат Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин 5-классынын окуучусу.
Фирдаус Алжанов грэпплинг боюнча чебери. 2011-2012-жылы туулган балдар арасында 55 кг салмакта облус намысын коргогон Фирдаус GI жана NO GI түрлөрү боюнча 1-3-орундарды камсыз кылды.
Алгачкы беттештерин мөөнөтүнөн мурда жеңиш менен баштап, чечүүчү оюндарда атаандаштарын упайлар боюнча утуп алды.
Фирдаус буга чейин «Kyrgyzstan Open 2025» жана «AJP Tour Bishkek International Jiu-Jitsu Championship» сыяктуу эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон.
- Фирдаус Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин 7-классынын окуучусу.
Азыркы тапта бир туугандар дзюдо, жиу-житсу жана грэпплинг менен машыгып келишет.
Жаш спортчуларга эмгек сиңирген машыктыруучу Темирбек Абдылдаев, спорттун чебери Уланбек Токтосун уулу жана Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы Улукбек Мелис уулу колдоо көрсөтүп келет.