Turmush — 20-апрель күнү Талас шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо маселелерин талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, иш-чарага шаар мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаарынын прокурору Жылдызбек Разбеков, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Марат Шайбеков жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Статистикалык маалыматка караганда, 2026-жылдын алгачкы 3 айында шаарда 23 зомбулук фактысы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 8 учурга көбөйгөн. Негизги себептер катары социалдык, экономикалык жана психологиялык факторлор, ошондой эле ичкилик аталды.
Жыйынтыгында зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү жана жабыркагандарды коргоону жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.