Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Раиса Өзүбекова 31 жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, улуттун каада-салты, үрп-адаты, көөнөрбөс байлыктарын муундарга өткөрүүдө, жаштарды кыргыз баалуулуктарын аздектөөгө үйрөтүүдө өз салымын кошуп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Раиса Өзүбекова 1972-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин табият таануу факультетинин химия бөлүмүн бүтүргөн. Кесиби боюнча химия, биология мугалими. 2002-жылы органикалык эмес химия боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Химия илимдеринин кандидаты, доцент.
«Мугалимдик кесипти сүйүп, өзүм тандагам. Билим берүү тармагы мага абдан жагат. 1995-жылдан бери ушул тармакта иштеп жатам», - дейт ал.
Ал 2022-2025-жылдар аралыгында шаардагы №2 Түлөбердиев атындагы орто мектебинде директор болуп иштеп, учурда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кара-Көл шаарындагы филиалынын жетекчиси болуп эмгектенип жатат. Үч кыздын, бир уулдун энеси, бир неберенин чоң энеси.
Раиса Өзүбекова сүмөлөк жасоо жана ага байланышкан ишенимдер тууралуу айтып берди.
Сүмөлөк каалоо аткарабы?
«Бул суроого түздөн-түз "каалоо аткарат" деп жооп берүү туура эмес болуп калат. Сүмөлөк жакшы ниет, аруу тилек менен жасалгандыктан ушул жагынан ыйык тамак деп эсептелет. Сүмөлөк буудай өндүрүлгөндөн баштап жегенге чейин бүтүндөй жакшы тилек менен коштолот. Айтылган тилектерди аткаруучу — Жараткан. Адамдын пейилине, ниетине жараша тилектер аткарылат. Анын ыйыктыгы жакшы тилектердин баарын сиңирет.
Анын курамында суу бар. Суу илимде негативдүү жана позитивдүү энергияны сиңире алары далилденген. Буудай өндүрүп баштаганда сүмөлөктү аралаштырууда көптөгөн адамдар тилек айтып аралаштырышат. Бирок тилектердин орундалышы сүмөлөктөн суралбайт, Кудайга, Жаратканга кайрылуу аркылуу болот.
Ошол аруу тилектердин баарын сиңирип алгандыктан адам аны жегенде жакшы энергия ички туюмуна, көмүскө туюмуна өтөт деп айтылат. Акылга караганда ички туюм күчтүү иштейт. Ички туюмда болгон нерсе жашоодо сөзсүз чагылдырылат.
Сүмөлөктүн түбүнө таш салуу тууралуу уламышта колунда жок аял "силердин бышырып жаткан оокатыңарга сала турган эч нерсем жок" деп, 41 таш терип келип, жакшы ниет менен салып койгон деп айтылат. Ал эми физика илими боюнча сүмөлөк тегиз кайнасын, түбүнө тартып кетпесин деп таш салынат.
Ал таштарды ыргытпай, бир тамчысын жерге түшүрбөй, тебелеп-тепсебей же жугунду кылбай, таза жеш керек деп айтылат. Кыргыз элинде илгертен эле тамакка аяр мамиле кылуу салты болгон. Мисалы, ак жерге төгүлүп кетсе, аны жакасына сүртүп, кечирим сурашкан. Кымызды да жерге төкпөөгө аракет кылышкан. Кокус төгүлүп кетсе, ырымдап жакасына сүртүшкөн. Ошондуктан таштын негизги максаты — сүмөлөктү тегиз кайнатуу, түбүнө тартып кетпеши үчүн. Кыргыз эли илгертен эле илимдүү болгон».
Сүмөлөктү жалаң аялдар жасашы керекпи?
«Негизи аял кишинин милдети үй ичинде тамак жасап, балдарына даам берүү деп айтылат. Аял — үйдүн куту. Тамак жасап жатып, жакшы тилек айтып, үйгө кут киргизет. Ошон үчүн "эне — ички, ата — сырткы тон" деп коюшат. Ата сырттан таап келет, ал эми аял анын берекесин ашырат. Ошондуктан сүмөлөктү аялдар жасайт.
Сүмөлөк бышыруу — биримдиктин символу. Анткени бул учурда улуу-кичүү, жамаат биригет. Дос-тааныштар келип, сүмөлөк аралаштырып, даам сызышат. Чогуу дасторкондон ооз тийип, оюн-зоок өткөрүшөт.
Сүмөлөктү ачууда ата-бабаларга куран окулуп, андан кийин бетин ачканда түшкөн сүрөттөр улууларга жорутулат. Биз да жакында мен жетектеген мекемеде сүмөлөк бышырып, анын бетин ачып, улууларга жоруттук. Алар ошол сүмөлөктүн бетине тоолорду, чет жагында арабча жазууну көрүшкөнүн айтып жатышты. Ошондой эле жоочулардын ичинен бирөөсү "боз үйдүн сүрөтү түшүптүр, анын жанында дарак турат" деп айтып, "ал дарак кут дарагы, буйруса силердин мекемеңерге кут конду" деп жакшылыкка жорушту.
Былтыркы сүмөлөктү ачканда да бетиндеги сүрөттөр жакшы жорулуп, ал жыл биз үчүн ийгиликтүү болгон. Быйыл да жерибизде молчулук, элибизде токчулук болсун деген аруу тилек айтылды».