Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы окуучулар айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 20-апрелде айыл аймактагы Т.Машрапов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары айыл өкмөткө барышты. Алар жарандарды кабыл алуудан тартып ар бир кызматкердин иши менен таанышып чыгышты.
«Келечек жаштардыкы, өнүгүп жаткан өлкөнүн эртеңкисин ойлосок, бүгүн жаштарга аймакты, районду, облусту, өлкөнү сүйдүрүүгө багыт берүү биздин милдет», - дейт айыл өкмөт башчы Руслан Талантбек уулу.