Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Талас шаарындагы базарда өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан курулуш дүкөнү өрттөнүп жатат.
Видео саат 15:16 да тартылган.
Кийинчерээк ӨКМдин берген маалыматына караганда, шаардагы «Мирай» курулуш материалдар дүкөнүнөн өрт чыккан. Аны өчүрүүгө саат 15:30да 3 бөлүм тартылган.