Turmush — Москва районуна караштуу Беловодск айылында «Эстелик бак» акциясы өттү. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка карагада, акция жоокерлерге таазим кылуу жана алардын эрдигин эскерүү максатында уюштурулган.
«Иш-чара борбордук эс алуу паркынын жанындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигинин аянтчасында өтүлдү. Анда көчөттөр отургузулуп, эрдиктер эскерилди. Ага райондун акими Илияз Ташбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, «Славян» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, айыл аймак башчылары, райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, согуштун, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлери, тылдын эмгекчилери, райондун тургундары жана жаштары катышты», - деп айтылат маалыматта.