Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Жети-Өгүз районунун аймагында «Коопсуздук—2026» биргелешкен командалык-штабдык жана машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган иш-чарага Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы—аким Эрмек Бахавадинов жана анын орун басарлары, тиешелүү аппарат кызматкерлери жана райондук мекемелердин, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышууда.
«Коопсуздук—2026» жүрүшүндө адистер машыгуунун максаты жана жүрүшү боюнча атайын маалымат менен нускамалык түшүндүрмөлөрдү берди.