Turmush — Токмок шаарында «Жылдын мыкты мугалими 2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынактарынын райондук-шаардык этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
«Жылдын мыкты мугалими 2026» сынагы боюнча жеңүүчүлөр:
- гран-при Токмок шаарынын А.С.Пушкин атындагы мектебинин мугалими Иманбекова Саламат Баратбаевнага ыйгарылды. Жеңүүчүгө Токмок шаарынын мэриясынын 25 миң сомдук сертификаты жана ардак грамота тапшырылды.
- Тыналиева Айжан Өмүрбековна (№9 мектеп) «Мыкты англис тилчи мугалим».
- Таштанбек кызы Жазира (№4 башталгыч мектеп) «Башталгыч класстардын мыкты мугалими».
- Палмира Аттокурова (№7 мектеп) «Мыкты англис тилчи мугалим».
«Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагы боюнча жыйынтык:
- I орун — №5 «Келечек муундары» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Акынова Айсалкын Анарбековна (17000 сомдук сертификат).
- II орун — №6 «Золотой ключик» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Бактыбек кызы Жибек (8000 сомдук сертификат).