Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун аймагында, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда «Коопсуздук—2026» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды.
Машыгуунун Каракол шаарындагы расмий ачылыш аземине Куралдуу Күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы — Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Тариэл Отонбаев жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов катышты.
Өз сөзүндө генерал-майор Тариэл Отонбаев белгилегендей, «Коопсуздук-2026» машыгуусу аскердик башкаруу органдарын жана аймактык коргонуу тутумун даярдоодогу туруктуу практикага айланды. Ал өзгөчө жергиликтүү мамлекеттик органдардын активдүү катышуусун белгилеп, бул бардык катышуучулардын ишинин натыйжалуулугун жана өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга олуттуу салым кошорун айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө полковник М.С. Мамбетов Бакытбек Жетигеновго Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын, ошондой эле мындан аркы ишти уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан иштелип чыккан аскердик абалды киргизүү боюнча ыкчам директиваны Бириккен аскерлер тобунун кол башчысы, полковник А.Е. Тынаевге тапшырды.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин катышуучулар дароо окуунун экинчи этабына өтүштү. Анын алкагында айрым аймактарда аскердик абал режимин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу, аймактык коргонуу иштерин уюштуруу, ошондой эле куралдуу кагылышууну локалдаштыруу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операцияны даярдоо каралган.
Машыгуунун планына ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле аталган облустардын резервдик түзүмдөрү катышууда.
Окуунун жүрүшүндө катышуучулар айрым аймактарда аскердик абал киргизилген шартта абалды турукташтыруу боюнча окуу-жаңжалдык милдеттерди аткарышат. Анын ичинде резервдик түзүмдөрдү практикалык чакыруу иш-чаралары да жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү жана резервдик түзүмдөр тарабынан стратегиялык объекттерди кайтаруу жана коргоо, ошондой эле блок-бекеттерди уюштуруу иштери жүргүзүлөт.
Окуу 2026-жылдын 23-апрелинде жыйынтыкталат.