Turmush — Каракол шаарындагы Ж.Жусаев көчөсүндө жайгашкан тез татым жайларынын биринен кечээ, 20-апрелде өрт чыкты. Бул тууралуу шаар тургундары билдиришти.
ӨКМдин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 300 чарчы метр аянт күйгөн. Тактап айтканда, имараттын пластик дубалдары, эшик-терезелери, столдору жана азык-түлүктөрү өрттөнүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө Каракол шаарындагы №15 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.