Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында эпизоотиялык абал боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Эрнист Кожоев мал арасында тарап жаткан оору тууралуу сурады.
Ош шаардык ветеринардык инспекциясынын башчысы Сүйүн Абдуллаевдин маалыматы боюнча, ири мүйүздүү мал арасында оору катталууда. Ош шаарында жалпы 13 миң кара мал бар.
«Аталган ылаңдын 7 тиби бар. Поссоветтик аймакта 2-3 тиби боюнча вакциналар сайылууда», - деди ал.
Депутат Эрнист Кожоев Төлөйкөн, Жапалак айылдарында тургундар вакцина келбей жатканын айтып жатышканан билдирди.
Шаардын башкы ветеринары азыркы учурда чындыгында эле ветеринардык адистер жетишпей жатканын билдирди.