Turmush — Кара-Балта шаарында Чүй облусунун 200дөн ашуун спортчулары катышкан жиу-житсу боюнча биринчилик өттү.
«Манас» спорт клубунун башкы машыктыруучусу Алмаз Мамбетовтун айтымында, турнир фестивалдык форматта атайын спорттогу алгачкы кадамдарын таштап жаткан балдар-кыздар чоң аренаны жана чоң килемди сезиши, ал эми тажрыйбалуу спортчулар чеберчилигин көрсөтүп, жаңы жетишкендиктерге кадам ташташы үчүн өткөрүлдү.
42 кг салмак категориясында Бердали Токтогулов 1-орунга ээ болду. Ал сары белбоого ээ болду.
1-орунга ээ болгондор:
77 кг салмакта – Ринат Ибраимов, боз белбоо тапшырылды,
69 кг салмакта – Акбермет Расулова, ага боз белбоо тапшырылды.
60 кг салмакта – Амирдин Толонбаев, ага кызгылт сары белбоо тапшырылды,
52 кг салмакта – Умар Велекбаев
50 кг салмакта – Урмат Мергенов, ага сары белбоо тапшырылды,
30 кг салмакта – Абдусами Апиев,
27 кг салмакта – Каухар Казакбаева,
24 кг салмакта – Алима Фархатова,
20 кг салмакта – Алихан Нургазов,
2-орунду алгадар:
24 кг салмакта – Айша Берикова,
26 кг салмакта - Нурислам Нургазов,
28 кг салмакта – Билал Анарбаев,
31 кг салмакта – Исмаил Иматов,
41 кг салмакта – Рамис Асланов,
44 кг салмакта – Элмирбек Садырбеков жана Нурель Өмүрбеков,
56 кг салмакта - Огулай Камилова,
62 кг салмакта – Камилла Молдобекова,
75 кг салмакта – Асылбек Хашимжанов,
75 кг салмакта – Шамо Осмонов,
Турнирдин башкы калысы Ринат Абдыкеримов, ошондой эле калыстардын бири Кыргызстандын чемпиону, жиу-житсу боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону жана грепплинг боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Куштарбек уулу Нурсултан болду. Ал Америкадан жашап, ушул убакка чейин машыгып келген. Куштарбек уулу Нурсултан өзүнүн спорттук жолун Кара-Балтада баштаган жана анын биринчи машыктыруучусу Алмаз Мамбетов болгон. Мелдешке Бишкектин жаш спортчусу Атыхан Шабданов катышты. Килемде ал Александровка айылынын эң күчтүү спортчусу менен беттешип, жеңишке жетишти.