Turmush — Ош шаарында 66 дарыгер жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Шаятбек Абдурахманов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Козимжон Алимов анализдер боюнча бейтаптар көбүнчө жеке менчик клиникаларга барарын айтты.
Шаятбек Абдурахманов лабораториялар борборлоштурулуп жатканын билдирди.
«Бул боюнча иштеп жатабыз, лабораторияларды борборлоштуруп жатабыз. Анан калса реактивдер боюнча анализдер жок болгондуктан, алар жеке менчикикте болуп жатат. Бирок биз азыр лабораторияларды автономиялык башкаруу кылып, реактивдүү анализдерди киргизип жатабыз. Ал бизде жеке лабораториялардан арзан, мамлекеттик баадан кымбатыраак болот», - деди Абдурахманов.
Ошондой эле ал акыркы 3 ай боюнча статистикага токтолуп, инсульт, жүрөк-кан тамыр оорулары, шишик оорулары башка илдеттерден көп катталып жатканын айтты.