Turmush — Мен Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 55 жаштагы тургуну Батыркан Кутманалиев жаратылыш сакчысы болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 1987-жылы мектепти аяктаган. Андан соң Россиянын Рыбинск шаарында жайгашкан окуу жайда токой чарба адистиги боюнча билим алууга киргем. 1,5 жылдан кийин аскерге чакырылып, Германияда 3 жыл 8 ай аскердик кызмат өтөгөн. Аскерденкайтып келип, үй-бүлөлүк чарба менен алектенген. Мал багып, жайлоого чыгып, мал чарбасын өнүктүрүү багытында иштеген.
«2016-жылы тоодогу ишмердүүлүгүмдү байкашып, мени егерлик кызматка чакырышты. Ошондон бери жаратылышты коргоо, сактоо багытында үзүрлүү иштеп келем. Учурда туристтик багытагы компанияны бир нече жылдан бери жетектеп келем. Биздин негизги максатыбыз — жаратылышты сактоо, коргоо жана чет өлкөдөн туристтерди тартуу. Бул иш аркылуу Кыргызстандын өнүгүшүнө, айрыкча туризм тармагына салым кошуп жатам деп эсептейм.
Биз ар бир туристти жылуу тосуп алып, өзгөчө көңүл бурабыз. Тоого алып чыкканда алардын коопсуздугун камсыз кылуу — эң башкы милдет. Ат менен жүргөндө чарчап калбашы үчүн маал-маалы менен түшүрүп, эс алдыруу, абалын көзөмөлдөө иштерин тыкыр жүргүзөбүз.
Таластын кооз жаратылышы чет элдик туристтерди өзүнө тартып келет. Айрыкча Германия жана башка Европа өлкөлөрүнөн келген коноктор жапайы жаныбарларды көргөндө абдан суктанышат. Аркар, тоо теке сыяктуу жаныбарларды көрүү алар үчүн өзгөчө таасир калтырат. Ошондой эле дары чөптөргө кызыгышып, алардын касиеттерин сурашат. Биз ата-бабалардан калган билимдерди бөлүшүп, кайсы чөп кандай дарылыкка пайдалуу экенин түшүндүрүп беребиз.
Кээде туристтер табияттын койнунда эс алып, жаратылыш менен бир бүтүн болуп кеткендей сезимге бөлөнүшөт. Мындай учурлар алардын да, биздин да эсибизде узакка сакталат. Биз кыргыздар жаңы машина алганда, баалуу бир нерсе алганда ушундай сезимге бөлөнөбүз деп күлүп калам.
Бул тармакта иштеп жүрүп көп кызыктуу окуяларга туш болдук. Бир жолу Германиядан келген жаш кыз бул жактагы жигит менен таанышып, кийин кайра келип баш кошуп, учурда бактылуу үй-бүлө куруп, үч баланын ата-энеси болуп жашап жатышат. Бул да туризм адамдардын тагдырын бириктире ала турганын көрсөтөт. Эч кандай тил билбей, бирок адамдын дилин билип, сезимдер жаралганынын далили.
Айрым учурда кооптуу жагдайлар да кездешет. Бир жолу жаштар тоого чыгып, аюуга туш болуп, коркуп кайтып келишкен. Мындай окуялар жаратылышта ар дайым сак болууну талап кыларын эскертип турат. Аюу астынан чыгып, паникага алдырып кыйкырышкан экен. Аюу дагы үн салып, чоочуп эки тарапка качып кетишиптир.
Биз тоодо ар кандай иш-чараларды өткөрүп, жаратылышты коргоо, жапайы жаныбарларга кам көрүү иштерин жүргүзөбүз. Кышкысын да тоодогу жаныбарлардын абалын көзөмөлдөп, тоют камдайбыз, санак жүргүзөбүз.
Мен кичинекей кезимден эле жаратылышты сактоо, коргоо тууралуу кыялданчумун. Бүгүнкү күндө ошол тилегимди ишке ашырып, сүйгөн ишим менен алектенип келем. Учурда 3 кыз, 2 уулдун атасымын. Балдарым да менин жолумду улап, жаратылышка аяр мамиле кылып өсүп жатышат. Тоонун абасы өзгөчө таза, суусу тунук болот. Ата бабаларыбыз айтып келген, суу таштан ташка урунуп, кайнайт деп. Шаарга барып калганда эки жактын айырмасы өзгөчө билинет», - деди ал.
Галерея: Бакай-Аталык 55 жаштагы Батыркан Кутманалиев жаратылыш сакчысы.